Социалдык фонддун 2019-жылдагы чыгымдары 53.5 млрд сомду түздү

29 февраля 2020, 14:35

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун чыгымдары 53 млрд 508.2 млн сомду түздү. Бул тууралуу фонддун расмий сайтында айтылат.

Аталган көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 3 млрд 198.6 млн сомго көп.

Алдына ала маалыматтарга караганда, Социалдык фонддун 2019-жылдагы бюджети 352.5 млн сом профицити менен аткарылган.