Социалдык мекемелерге 1,5 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилди

26 февраля 2024, 14:26

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин мекемелерине 1,5 миң тоннадан ашык көмүр берилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин социалдык коргоо департаментинин директору Актан Балбаковдун айтымында, бүгүнкү күндө катуу отундун калдыктары 764,3 тоннаны түзөт. Бардык жеткирүүлөр суроо-талапка жана графикке ылайык жүргүзүлөт.

Анын айтымында, министрликтин тутумунда бардыгы болуп 76 ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр иштейт. Анын ичинен 28 мекеме көмүр менен жылытылат.

Отунду сатып алууга республикалык бюджеттен 9 млн 619,6 миң сом бөлүнгөн.