«Соцкелишим» боюнча 2 миңден ашык жаңы ишкана ачылды

14 ноября 2023, 09:45

"Социалдык келишим" долбоорунун алкагында Кыргызстан боюнча 2 миңден ашык жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

"Жалпысынан өлкө боюнча 2 миңден ашуун ар кандай өндүрүштөр ачылды. Бул тигүү жана жыгач устаканалары, биожерсемирткичтер өндүрүшү, пескоблок, самын, пластик терезелер жана башкалар", - деп билдиришти ведомстводон.