Соцтармактын кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүүгө апрелде 7,2 млрд сом жумшалды

29 апреля 2022, 15:36

Өлкөдө апрель айында билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, илим, маалымат жана социалдык кызматкерлеринин маяналарын көбөйткөнгө 7,190 млрд жумшалды. Мындай маалымат Финансы министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.

Анын ичинен:

  • Билим берүү жана илим министрлиги боюнча 4 930,9 млрд сом;
  • Маданият, маалымат жана спорт министрлиги боюнча 383 млн сом;
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги боюнча 183,3 млн сом жана ММКФ 1 265,1 млрд сом;
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги боюнча 125,4 млн сом.

“Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин жогоруда көрсөтүлгөн категорияларына эмгек акы жогорулатылганга чейин 2022-жылдын январь-март айларына финансылык пландын орточо айлык керектөөсү 3 566,7 млрд сомду түзгөн же өткөн айларга салыштырмалуу апрель айына өсүү 2 эсени түздү”, - деп жазылат маалыматта.