Соцтармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 26 млрд сом бөлүндү

4 апреля 2022, 15:11

1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга үстүбүздөгү жылдын 9 айына кошумча 26 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкекте өтүп жаткан социалдык кызматкерлердин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, бул төлөмдөрдөн тышкары, 1-июндан баштап балдарга жөлөкпулдарды, аларга жеке кам көргөндөргө жана башка категориядагыларга төлөмдөрдү көбөйтүү пландалып жатат.

"Пенсияны, адаттагыдай эле, ушул жылдын октябрь айында көтөрүү планыбызда. Эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!", — деп белгиледи Жапаров.