Муниципалдык транспорт аскер ардагерлери үчүн акысыз болбойт

25 января 2024, 17:00

Бишкек мэриясы аскер ардагерлери үчүн коомдук транспорт акылуу экенин билдирди.​ Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова айтты.

Анын айтымында, 2022-жылы Жогорку Кеңештин токтому чыгып, анда Министрлер кабинетине жана Бишкек шаардык мэриясына ардагерлерге персоналдаштырылган жеңилдетилген карталарды берүү тапшырмасы берилген. Бирок мэрия мындай мүмкүнчүлүк жок экенин билдирген.

“Бул үчүн бюджеттен чоң каражат талап кылынбайт деп ойлойм, айрыкча ардагерлер жыл сайын азайып баратат”, - деди депутат.

Ал Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдон маселени жеке көзөмөлүндө кароону суранды.