Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалды

16 марта 2022, 12:48

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Башкы прокуратура тарабынан Ш.К.А. жана Д.Н.Э. аттуу жарандардын алдамчылык аракеттери боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2009-жылы Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти жана анын өнөктөшү Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, жалпысынан 117 млн ​​сомго ири өлчөмдөгү ун сатып алышкандыгы аныкталган.

“Алар келишим түзүлгөн күндөн тартып өз милдеттерин аткаруудан качуу максатын көздөп, 12 жыл ичинде сот органдарына негизсиз арыздар менен кайрылып келишкен. Жыйынтыгында мамлекетке жалпысынан 117 млн сом зыян келтирилген. Мындан тышкары, алар С.А. аттуу жарандын ишенимине кирип, ага күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү 15 млн 705 миң сомго сатып, аталган жаранга ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкен. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалгпн. Ал эми анын өнөктөшүнө карата эл аралык издөө жарыяланды”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.