Сот департаменти 12 млн сомго жабдууларды сатып алат

11 апреля 2024, 10:15

Жогорку Соттун алдындагы Сот департаменти кошумча жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Тендердин жалпы суммасы 12 млн 239 миң сомду түзөт.

Бул акчага маалыматтарды иштетүү борборуна аудио жана видео жазуу системаларын, катуу дисктерди жана оперативдүү эс тутумдарды сатып алуу пландалууда.