2020-жылы стимулдук грант аркылуу 194 долбоор каржыланган

13 января 2021, 10:10

Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен «стимулдук гранттар» аркылуу 347 млн 538.5 миң сомго 194 долбоор каржыланган. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.

Белгилей кетсек, жыл сайын бюджеттен стимулдук грантка 600 млн сомдун тегерегиндеги каражат каралат. Долбоорлор жергиликтүү башкаруу органдарынын сунушуна жараша каржыланат.

Кошумчалай кетсек, каражаттын басымдуу бөлүгү мектептерди оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн. Тагыраагы 138 млн 788 миң сом каралаган.