Президент Жети-Өгүз районундагы сугат объектилеринин оңдоп-түзөө иштери менен таанышты

26 сентября 2019, 14:00

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Жети-Өгүз районундагы Оргочор жана Светлая поляна айылындагы ирригациялык системалардын калыбына келтирүү иштери менен таанышып чыкты.

Суу ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев, сугат системаларын калыбына келтирүү иштери Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен жүрүп жаткандыгын билдирди.

Оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлгөн соң,5 миң гектардан ашуун жерде фермерлер үчүн суу тартыштыгы жаралбайт деп билдирди.

46 сугат объекттилеринин ичинен 2024-жылга чейин 31 объект ишке киргизилиши керек.

Бүгүнкү күндө 2 сугат объектисинде оңдоп-түзөө иштери, 14 объектиде реконструкция жана курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.

46 гектар ирригациялык объектилери оңдоп-түзөөдөн өткөн соң 65 миң гектар жер сугат иштерине берилет, 51 миң гектар жерди суу менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жогору болот, 50 гектар жердин кайрадан жөндөмдүүлүгү ишке ашат, 9,5 миң гектар жер насос станциясынан тартылуу сугатка өтөт. Андан сырткары, 245 миң жаңы жумушчу орундардын түзүлүшү күтүлүүдө.