Суу ресурстары кызматына жаңы жетекчи дайындалды

15 марта 2024, 13:27

Алмазбек Сокеев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.