Улуттук энергохолдинг: суукка байланыштуу электр энергияны колдонуу кескин түрдө өсүп кетти

14 декабря 2020, 14:55

Кыргызстанда өткөн түндө электр энергияны колдонуу рекорддук деңгээлге жетти. Бул тууралуу маалымат жыйында «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилине электр энергия тармагы даяр.

«Оңдоп-түзөө иштери 100%га аткарылган. Ноябрь айынан бери суук болгондугуна байланыштуу электр энергияны колдонуу кескин түрдө өсүп кетти. Кыргызстанда өткөн түндө электр энергияны колдонуу рекорддук деңгээлге жетти. Сутка ичинде 68 миң 800 МВт энергия колдонулду», - дейт ал.

Бердиев автоматтык өчүрүү, коргоочу жабдуулар иштеп кетпеси үчүн жарандардан электр энергия менен үйдү жылытпай, көмүр, газды колдонууга чакырат.

«Кыргызстанда ноябрь айында 36 млн кВт энергия сапталган», - деп белгиледи ал.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК башкы директору Эмил Куданалиев кошумчалагандай, кечээ электр энергиянын керектөө кубаттуулугу 3 миң 240 МВтка жетти.

«2020-жылдын 29-январында 3 миң 224 МВтка жетти. Бирок ал учурда абанын температурасы -20...-30 градуска жеткен. Азыр -10 градус эле болууда. Өкмөттүн токтому менен электр энергиянын лимити түзүлгөн. Декабрдын лимити 1 млрд 886 млн кВт саат. Электр энергиянын керектөө ошол эле коңшу Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда да өсүүдө», - деп айтты Куданалиев.