Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 362,9 млн кубметрге кыскарган
18-ноябрдын жыйынтыгы менен Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 16 млрд 671,46 млн кубметрди түзгөн. Бул тууралуу ААК «Электрдик станция» билдирет.
Суунун орточо агымы секундасына 201 кубметрди, чыгаша – 656 кубметрди түзгөн.
Ноябрь айынын башында суу сактагычтагы суунун көлөмү 362,94 млн кубметрге кыскарган.