Сузакта 49 млн 500 миң сомго курулган мектеп ачылды

5 октября 2021, 16:30

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 420 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Акчабарга” Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Ага республикалык бюджеттен 49 миллион 500 миң сом бөлүнгөн.

Аталган айыл аймактагы буга чейинки 320 орундуу мектепке окуучулар батпай калган.