Сырттан Кыргызстанга жардам катары 338 млн доллар келген

9 сентября 2020, 17:30

Сырттан келген булактардан көрсөтүлгөн жардамдар тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндө өткөн брифингде маалымат берди.


«Бүгүнкү күнгө чейин сырттан келген булактардан Кыргызстанга 338 млн доллар келип түштү. Анын 207 млн доллары сарпталды. Калган 131 млн доллар сумма Улуттук банктын эсебинде турат. Аталган 207 млн доллар пандемия менен күрөшүүгө байланышкан чыгашаларга жумшалган. Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министрлигинин, өзгөчө кырдаал министрлигинин чыгашалары, андан сырткары, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, анын ичинде буудай унун сатып алууга, пандемия учурунда убактылуу жумушсуз калган үй-бүлөлөргө азык-түлүк пакеттери берилген»‎, - деп билдирди КР Вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.



Анын айтымында, пандемия учурундагы 6-7 ай ичинде бюджетте чоң жоготуулар болгон жана ага карабастан пенсия, пособие төлөмдөрү жана бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин айлык акылары өз убагында үзгүлтүксүз берилген.