Тажикстанда дагы Кепилдик фонд түзүлдү

1 февраля 2020, 12:00

Тажикстанда биздин фонддун үлгүсүндө Кепилдик фонду түзүлдү. Бул тууралуу «Кепилдик фонду» ААКсынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

«Бул нерсе биз коңшу мамлекеттерге бир эле экологиялык таза азыктарды эмес, жакшы идеяларды экспорттоп жатканыбызды көрсөтөт. Алар биздин тажрыйбаны үйрөнүп, андан кийин өздөрүндө фонд түзүштү. Тажикстандын Ачык акционердик коом институту «Замонат» АКка кепилдик берүүсү үчүн уставдык капиталы катары 290 миң доллар бөлдү», — деди ал.