Былтыр тажикстандык мигранттар мекенине 2,7 млрд доллар которгон

6 февраля 2020, 09:45

2019-жылы Тажикстандын эмгек мигранттары мекенине 2 млрд 731 млн доллар которгон. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасы Жамшед Нурмахмадзода билдиргени Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.

Нурмахмадзоданын айтымында, былтыр которулган каражаттын өлчөмү 2018-жылга караганда 163 млн долларга же 6,6%га көп.