Талапка ылайыксыз жарнамалар үчүн 51 миң сом айып салынды

20 ноября 2023, 10:40

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери жарнак мыйзамынын талаптарын сактоо максатында борбор калаанын ишканаларынын тышкы жарнактарын текшеришти.

Натыйжада алар бир катар мыйзам бузууларды аныкташкан. Тактап айтканда, бут кийим дүкөнүнүн, жеке медициналык борбордун жана кийим-кече дүкөнүнүн жарнактары мамлекеттик тилге которулган эмес.

Мындан тышкары стенддерде компаниялардын лицензиялары тууралуу маалымат жок болгон. Бул “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесине карама-каршы келгендиктен мыйзам бузуу болуп саналат.

“Ишкерлер катасын мойнуна алышты. Монополияга каршы кызматтын кызматкерлери тарабынан протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 51 миң сомдук административдик айып пул салынды”, - деп билдирди аталган кызмат.