Таласта салык төлөөдөн качкан ЖЧКнын бири аныкталды

18 декабря 2020, 11:05

Таластагы Жоопкерчилиги чектелген коомдордун бири милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөбөй келишкен. Мунун натыйжасында бюджетке 5 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

«Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Талас облустук башкармалыгынын (МСКБ) айрым кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин туура эмес аткаруусунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке төлөнгөн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдө төмөндөтүү фактысына жол берилген», - деп жазылат маалыматта.


Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүк материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Тергөө уланып жатат.