Талас облусундагы медицина кызматкерлерине 1 млн сомдон ашык компенсация төлөнүп берилди

15 марта 2021, 10:00

Талас облусу боюнча февраль айында медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү үчүн 1 млн 279 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 125 медицина кызматкери компенсация алган.

Кошумчалай кетсек, көпчүлүк дарыгерлер Талас облустук бириккен ооруканасынан тартылган, алардын компенсациясынын суммасы 715 миң сомду түздү.