Таластагы үй-бүлөлүк медициналык борборду оңдоп-түзөөгө 47 млн сом жумшалган

4 марта 2021, 11:35

Талас үй-бүлөлүк медициналык борборун оңдоп-түзөөгө дээрлик 47 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

160 орундуу борбор Талас облусунун Көк-Ой айылында жайгашкан, оңдоп-түзөө иштери өткөн жылдын август айында башталган. Жалпысынан 47 млн 322 мин сом коротулган.

Капиталдык оңдоп-түзөө башталгандан бери республикалык бюджеттен жана аймактарды өнүктүрүү боюнча Социалдык өнөнктөштөн 22 млн 500 миң сом бөлүнгөн.