Таласка ГЭС курулат

29 июля 2021, 16:30

Таластагы Киров суу сактагычына ГЭС курулат. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаевдин Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, министр долбоорду жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жеринде талкуулады. Ага ылайык, ГЭС 30 мегаватт кубаттуулукта болоору жана анын ишке кириши сугат суу системасына эч кандай таасирин тийгизбей турганы белгиленди.

Учурда ГЭС курула турган аймакта геодезиялык жумуштар жүрүп жатат.