Таласта 275 орундуу мектептин курулушу аяктады

7 декабря 2023, 13:55

Талас районунда дагы бир мектептин курулушу аяктады. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, Көк-Токой айылында жайгашкан билим берүү мекемеси 275 окуучуга ылайыкташкан.

Объекттин курулушу 2015-жылы башталган.

Анын жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.