Таласта 60 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулат

27 января 2022, 19:50

Талас шаарындагы 60 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулат. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул үчүн мэриядан эки гектар жер бөлүндү.

Социалдык шаарчада бала-бакча, балдар үчүн аянтча, ФАП болот. Аны гранттык негизде фонддордун бири каржылайт. Бирок курулушка канча каражат сарпталары азырынча белгисиз.

Белгилеп кетсек, ал жерде жашай турган турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөр кылдат тандалат.