Таласта үч жыл бою мыйзамсыз айлык алып жүргөн кызматкер аныкталды

7 марта 2024, 17:15

Талас облусунда райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, бөлүмдөрдүн биринин аскер кызматкери К.А.Ж., суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары менен макулдашып, 2020-жылдын май айынан 2023-жылдын ноябрь айына чейин кызматкер катары мыйзамсыз түрдө маяна алып жүргөн.

Бул факты боюнча “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

“Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.