Таласта мамкызматкерлер 5,2 млн сомду өздөрүнө ыйгарып алган

23 апреля 2024, 17:40

Талас облусундагы мамлекеттик кызматкерлер Манас районунун ичүүчү суусун калыбына келтирүү иштеринин баасын кымбаттатып жиберишкен. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облустук башкаруу системасынын айрым кызматкерлери менен “МПМК-Талас” подряддык ишканасынын ортосундагы кылмыштуу макулдашуу аныкталды.

Натыйжада долбоор боюнча иш бүткөрүлбөй, мамлекетке 5 млн 212 миң 552 сом зыян келтирилген.