Таласта сегиз жылдан бери иштеген микрокредиттик компания жабылды

13 октября 2023, 16:25

Талас облусунда сегиз жылдан бери иштеп келе жаткан микрокредиттик компания жабылды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Аталган компания 2015-жылы иштеп баштаган “Байзаман” компаниясы.

“Бул катышуучулардын 2023-жылдын 12-октябрынан тартып ыктыярдуу жоюу жөнүндө чечимине байланыштуу. ЖЧКнын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк жокко чыгарылды”, — деп белгилейт Улуттук банк.

Ишкана Талас шаарында, Манас, 122/2. көчөсүндө жайгашкан.