Таластагы «Бала-Саруу» ГЭСи жакында колдонууга берилет

17 января 2024, 09:40

Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСи жакында колдонууга берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурга карата негизги имараттын курулушу аяктап, жабдууларды орнотуу, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу жана 110 киловаттык аба линияларын тартуу иштери аткарылды.

"Суунун көлөмү көбөйгөндө, ГЭС ишке кирет", - дешти ведомстводон.

Эске салсак, Киров суу сактагычындагы станциянын кубаттуулугу 25 мегаватты түзүп, ал жылына 92 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат деп пландалууда.