Таластын Манас районунда эки бала бакча ачылды

17 апреля 2023, 09:30

Таластын Манас районунда эки бала бакча ачылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда мектепке чейинки билим берүү мекемесинин бири Кыргызстан айыл өкмөтүнүн​ Көк-Дөбө айылында, экинчиси Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Ак-Таш айылында жайгашкан.

Эки кабаттан турган 100 орундуу бала бакчанын курулушуна жалпысынан 10 миллион сомдон ашык жумшалса, 50 орундуу муниципалдык бакчанын жалпы суммасы 5 миллион сомдон ашты.

Курулуштарга каражат негизинен аймакты өнүктүрүү фонддорунан бөлүндү.