Талды-Булак-Сол жээк алтын кенинин ишиндеги маселелер талкууланды

3 марта 2022, 11:41

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Zijin Mining" кытай корпорациясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Талды-Булак-Сол жээк алтын кенинин ишиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланды.

Белгилесек, жыйынга «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги да катышты.

Айта кетсек, 2011-жылдан тарта "Zijin Mining" тоо-кен корпорациясынын туунду компаниясы саналган "Supurb Pacific Ltd" компаниясы "Алтынкен" ЖЧК уставдык капиталынын 60% үлүшүнө ээ.

Бул кендеги алтындын болжолдуу запасы 78 тоннаны түзөт. Мында алтын менен катар күмүш, жез алынат.