2019-жылы тамак-аш жана тамеки азыктары 30,5 млрд сомго өндүрүлгөн

3 февраля 2020, 15:10

2019-жылдын январь - декабрь айларында тамак - аш жана тамекинин өндүрүлгөн иштетилген көлөмү 219 млрд 184,8 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат.

2019-жылы иштетүүчү өндүрүштүн жалпы көлөмүнүн ичинен тамак-аш (суусундуктар менен) жана тамеки азыктарынын көлөмү 30 млрд 525,4 млн сомду, башкача айтканда (11 пайызды) түзгөн. Тамак-аш (суусундуктар менен) жана тамеки азыктарын чыгаруудагы өсүү (3,9 пайыз) кайра иштетүү, жашылча-жемиштерин консервалоо, нан азыктарын жана суусундук чыгаруунун жогорулашынын эсебинен болгон.