Ишкерлер баалуу металлдарды бажы салыгынан бошотууну суранышты

27 сентября 2019, 14:35

Ишкерлер жана ювелирлер союзунун жетекчиси Сталбек Акматов 27-сентябрда «Евразия жумалыгы – 2019» форумунда баалуу жана жарым - жартылай асыл таш металлдарды бажы салыгынан бошотууну суранды.

Анын айтымында, кыргызстандык зергерлер баалуу таштарды башка өлкөлөрдөн алып келишет.

«Өлкөнүн зергерлери жасалгалуу таштарды сатып ала алмайын, өзгөчө буюмдар жасалбайт. Мамлекет баалуу таштарга, металлдарга болгон бажыдагы салыкты бошотсо, зер өндүрүш жаатында жакшы жыйынтык болот. Андан сырткары, алтын менен күмүштү казып алууда, зергерлер алтынды сатып ала алышпайт. Бул дагы чоң маселелрдин бири. Алтынж.б. кендин өлкөсү катары, бизде зер буюмдарды дааярдоо, сатуу жакшы өнүгүш керек.», – деп билдирди.

Зергерлер Ассоциациясынын башчысы , мамлекеттин өзүнүн сырьё чыгаруучу ресурсу болгону менен, үчүнчү өлкөлөрдө импорттон түшкөн пайда андан дагы көбүрөөк экенин кошумчалады.