Базардагы соода орундардын ижара акысы азайышы мүмкүн

6 декабря 2023, 16:16

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев базардагы соода орундардын ижара акысын 2 эсе азайтууну тапшырды.

Ал соода жайлардын шартын жакшыртууга чакырды.

“Базарлардын кожоюндары ири суммадагы киреше алып тургандыгына карабай, соодагерлерге жөнөкөй шарттарды түзүп беришпейт. Биринчи кезекте ижара акысын эки эсеге азайтыш керек. Андан сырткары, базар ээлери контролдук-кассалык аппараттарды сатып алууга каражаты жетпей жаткан майда ишкерлерге алып берсин”, - деди Камчбек Ташиев.