Таштан Коңурбаев «Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси болду

12 января 2024, 16:52

Таштан Коңурбаев “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жаңы башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимди директорлор кеңеши кабыл алган.

Эске сала кетсек, ал бул кызматта 2022-жылдын декабрынан бери иштеп келген Осмон Качкынбаевдин ордуна келген.