«Тазалык» ишканасы 530 жаңы таштанды челек сатып алды

15 ноября 2023, 12:10

“Тазалык” муниципалдык ишканасы 530 жаңы таштанды челек сатып алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын төрт районуна 82 контейнерден бөлүштүрүлүп, алардын ар бири өз түсүнө боёлот.

Жаңы контейнерлер жараксыз болуп калган челектердин ордуна коюлат, ал эми тешилген, сынган же өрттөлгөндөрү оңдолот.

Бишкекте таштанды үчүн 5 миңден ашык контейнер бар. Алар акыркы жолу 2015-жылы жаңыртылган.