«Тазалыктын» кызматкерлери Бонецкийде 50% жеңилдик менен текшерүүдөн өтө алат

23 февраля 2024, 17:17

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бонецкий лабораториясында 50%дык жеңилдик менен текшерүүдөн өтө алат. Бул тууралуу "Reporter.kg" жазды.

Бонецкий "Тазалык" менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Ага ылайык "Тазалыктын" өлкө боюнча 1600дөй кызматкери Бонецкий лабораторияларында 50%дык арзандатуу менен текшерүүдөн өтө алат.

Келишим 1 жылга түзүлдү.