Телерадиокомпаниялар шайлоо маалында дээрлик 150 млн сомго иштешкен
Шайлоого чейинки үгүт иштеринде саясий партиялар 384 млн 839 миң сом коротушкан. Бул тууралуу БШК билдирди.
Телерадиоберүүлөргө партиялар 150.08 млн сом, басма сөз жана интернет-басылмаларга - 108.8 млн сом төлөнүп берилген.
Кошумчалай кетсек, шайлоо күрөөсүнө партиялар тарабынан 80 млн сом төгүлгөн.
Жыйынтыгында пайдаланылбаган каражаттардын суммасы 21.3 млн сомду түздү.