Кыргыз темир жол кызматкерлеринин эмгек акысы 5% жогорулайт

6 апреля 2021, 13:30

1-апрелден тарта темир жол кызматкерлеринин эмгек акысы 5% жогорулайт. Тиешелүү чечимге «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясынын» башкы директору Василий Дашков кол койгон.

Тиешелүү чечим пандемия мезгилинде тамак-аш азыктарына жана керектүү товар, дары-дармекке болгон баанын жогорулашынан улам кабыл алынган.

«Ар түрдүү ишканалар экономикалык кризис шарттарында бир топ кыйынчылыктарга туш болушат, бирок «КТЖ «УК» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Дашков өз кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында беш миңден ашуун кызматкердин эмгек акысын жогорулатты», - деп билдиришти компаниядан.