Нурида Байзакова тендердеги жаңы өзгөчөлүктөр тууралуу билдирди

17 декабря 2019, 10:55

Сатып алуучу уюмдар жумуш аткаруучулар менен түз келишим түзө башташты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Каржы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар Департаментинин директору Нурида Байзакова билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын акыркы 11 айында пайыздык сынак жана түз келишим түзүү жолу аркылуу өткөрүлгөн тендерлердин көлөмү 45% өскөн. 2018-жылы анын көлөмү 42,2%, 2017-жылы 14,1% түзгөн.

Жөнөкөй жол менен өткөрүлгөн тендердин саны 2018-жылы – 44,4%, 2017-жылы – 161 % түзгөн. Бул жылы ал 36,8% азайган. Бир этап менен өткөрүлгөн сынак 2018-ж 13,2 пайыздан 17,9 пайызга чейин өскөн. Бирок, 2017-жылга (69,8%) салыштырмалуу азайган.

Сынактын калган бөлүгү бир этап менен өткөрүлгөн. Эки этап менен өткөрүлгөн соодалашуу пайыздык ченди азайтуу менен чектелет.