Тимур Файзиев Асман шаарын курбай калды

14 апреля 2022, 09:45

Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Тимур Файзиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Миинстрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ордуна Руслан Акматалиев дайындалды.

Тийиштүү чечимдерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, президенттик администрация Ысык-Көл облусуна Асман деп аталган, жарым миллион жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жарыялаган. Үстүнөн караганда комузга окшош шаар 7-10 жыл аралыгында курулары белгиленген.