«Түндүк» аркылуу батирлерди сатуу-сатып алуу келишимин түзүүгө болот

20 февраля 2024, 12:20

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-мартынан баштап батирлерди сатуу-сатып алуу келишимин “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн түзүүгө болот. Бул тууралуу президенттик аппараттын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдирди.

Анын айтымында, келишим түзүүдө сатуучу менен сатып алуучу тиркемеде биоидентификациядан өтүп, булуттук электрондук кол тамгаларды колдонуусу керек.

"Система бардык маалыматтарды өзү толтурат жана толтурулган документтерди алуу керек болгондо сизге кабарлайт", - деп жазган ал.