Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу келерки жылы аяктайт

25 октября 2023, 12:45

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу келерки жылы аяктайт. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трасса болжол менен июль айында ишке кирет.

Долбоордун жалпы баасы 800 миллион доллардан ашты.

Белгилеп кетсек, узундугу 433 чакырымды түзгөн жол Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багыты боюнча өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирет.