Той өткөргөндөргө 193 миң сомго айып салынды

30 сентября 2020, 14:30

Бүгүн, 30-сентябрда Баткен шаарында рейд жүргүзүлүп, үй шартында өткөрүлгөн 2 той аныкталып, 3000 сомдон айып салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле коронавирус менен ооруп калган жаран тойдо жүргөндүгү аныкталып, ага атайын органдар тарабынан тийиштүү чаралар көрүлгөн.

Белгилей кетсек, 26-28-сентябрь күндөрү жалпы облус боюнча 1036 ишкана, той өткөргөн турак үй жана коомдук жайларга рейд жүрүп, жалпы 193 миң сомго айып салынды.

Анын ичинен үй шартында өткөрүлгөн 11 тойдун ээлерине КР Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 293-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айыппул салынды.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын «Таштемир Ажы» соода базары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн КР Жоруктар кодексинин 127-1-беренесинин негизинде иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.