Тойканаларды 100 орунга чейин толтурууга уруксат бериле элек

16 сентября 2020, 10:00

Кафе, ресторандарды, тойканаларды 100 орунга чейин толтурууга уруксат бериле элек. Бул тууралуу премьер-министр кеээ, өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.



«Эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен тойканаларды 100 орунга чейин ачылышына республикалык штабда маселе каралмайынча, алардын ачылбастыгын эскертемин. Азыркы тапта, жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандарды 100-150 орунга чейин көбөйтүү боюнча талаптар, суранычтар болууда. Бирок, биз биринчиден кырдаалды эске алып, экинчиден кафе-ресторандардын ээелери менен биргеликте шарттарды туура түзгөнгө жетише ала турган болсок, анда бул маселени караганга мүмкүнчүлүк туулат», - деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.