Токмокто 80 миң сомго орнотулган таштанды челектерди талкалап кетишүүдө

11 сентября 2019, 14:40

Токмок шаарында 40 даана таштанды салуучу челектер алынып, шаардын борборуна апрель-июнь айларында жаңыртылып коюлган. Бирок сентябрь айында анын көбүн тургундар талкалап, капкактарын сындырып салышкан. Бул тууралуу Турмуш басылмасы билдирет.

«Манап бийдин эстелигинин жанындагы челектерди алып кетишиптир. Эми анын ордуна картон кутучаларды убактылуу коюуга туура келди. Май айынын башталышында коммуналдык ишкананын кызматкерлери 26 челекти оңдошту. Ал челектер эки жыл мурун Тайвань фонду аркылуу орнотулган болчу. Шаарыбыздын тазалыгын сактап, элдин мүлкүнө аяр мамиле жасап жана эмгекти бааласак жакшы болот эле», - деп билдиришти Токмок шаарынын мэриясынан.

Челектер 80 миң сомго коюлган.