Токмок шаардык мэриясында 10 млн сом жең ичинен кымырылган

13 декабря 2023, 13:31

Токмок шаардык мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бюджетинде 10 млн 326,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, былтыркы бюджеттердин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Ага ылайык, 9 млн 919 миң сом чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер, 2 млн 620,9 миң сом эмгек акынын негизсиз төлөмдөрү, 645,9 миң сом курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн ашыкча баалоо, 6 млн 652,2 миң сом бухгалтердик эсепке жашырылган дебитордук жана көбөйтүлгөн кредитордук карыз ж.б болуп саналат.

Коллегиянын чечими менен аныкталган каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча текшерүүгө алынган объектилерге Токмок шаардык Кеңешине буйруктар жөнөтүлдү.