Токмоктогу оорукананы оңдоп-түзөө үчүн 45 млн 700 миң сом бөлүнгөн

22 сентября 2020, 14:00

Объекттин капиталдык оңдоп түзөөсү 2020-жылдын июль айында башталган, ал эми долбоордук кубаттуулугу 216 орунга эсептелген. Сметалык наркы 63 млн 682 миң 9 сомду түзүп, баардыгы болуп 45 млн 700 миң сом каржыланды.



Подряддык уюм тарабынан жүргүзүлүп, имараттын жана откананы эски чатыры менен электртутумдары алмаштырып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлгөн. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдөө, жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылган.

Андан сырткары ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай жана сантехникалык жабдуулар орнотулган.

Объекттин курулушу 92% га бүткөрүлдү, оорукананын оңдоо иштерин сентябрдын аягына чейин бүткөрүүгѳ пландаштырылган.