31-мартка карата Токтогул суу сактагычында 8 млрд 728 млн куб метр суу бар

31 марта 2021, 09:30

Бүгүн, 31-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 728 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 178 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 340 куб метрге жетүүдө.