24-мартка карата Токтогул суу сактагычында 8 млрд 788 млн куб метр суу бар

24 марта 2021, 10:00

Бүгүн, 24-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 788 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 173 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 335 куб метрге жетүүдө.