2-мартка карата Токтогул суу сактагычында 9 млрд 541 млн куб метр суу бар

2 марта 2021, 09:30

Бүгүн, 2-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 541 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 134 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 659 куб метрге жетүүдө.